Франциялык белгилүү футболчу Килиан Мбаппе зордуктоого айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 12-октябрда ооруканага жардам сурап бир кыз кайрылган. Ал Килиан Мбаппе тарабынан зордукталганын айтып, полицияга арыз жазган. Кыздын айтымына караганда, окуя футбол жылдызынын Стокгольмдун борборундагы мейманканасында болгон.
Учурда спортчуга зордуктоо жана сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айып тагылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ал эми футболчу аталган маалымат фейк экенин билдирип, социалдык түйүндөгү баракчаларына бирдирүү калтырган.