Депутат мектептерде уюлдук телефондорго бөгөт коюуну сунуштады (видео)

Бүгүн, 17-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Абакиров мектептердеги уюлдук телефон маселесин көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, учурда уюлдук телефон билим берүүдө эң чоң тоскоолдуктарды жаратып жатат.

"Нурланбек Азыгалиев жакшы мыйзам алып келди, мектептерде уюлдук телефонго бөгөт коюу боюнча. Бүт мугалимдер айтып жатышат, "бүгүнкү күндө билим берүүгө эң чоң тоскоолдуктардын бири телефон болуп жатат" деп.

Көптөгөн жеке мекчик, күчтүү мектептерде телефонго уруксат жок. Биз дагы мыйзамды күтө бербей, мамлекеттик мектептер дагы ошол реформаны баштоо керек", - деди эл өкүлү.

Депутат мектептерде уюлдук телефондорго бөгөт коюну сунуштады 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан