Кантта үрөй учурган кылмыш болуп, шектүү колго түштү (фото)

Кант шаарында эки адамды өлтүрүп андан кийин турак үйдү өрттөп жибергенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 12-октябрь күнү саат 20:55 чамасында Ысык-Ата РИИБине Кант шаарынын пионер көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факт Ысык-Ата РИИБине катталып, маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен.
Ыкчам тергөө тобу барып өрт чыккан барак үй 4 батирден турганын жана алардын биринен өрт чыгып, анын ичинде 1981-жылы туулган К.А. аттуу жарандын сөөгү бар экенин аныкташкан. Батирден чыккан өрт жанындагы үч батирге өткөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Х.Р. аттуу жаран мас абалында өзүнүн таанышы Е.И. аттуу жаранга келип, ал жерден кызганычтан улам Е.И.ни жана И.О. аттуу жаранды сабап, кылмыш аракетин улантуу менен Х.Р. аталган батирдин уктоочу бөлмөсүнө кирип, ал жактан К.А. аттуу жаранга медициналык спирт куюп, аны атайылап өрттөп, андан соң окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган.
"Э.И. жана И.О. аттуу жарандар алган жаракаттары менен Кант шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилип, Э.И. ооруканага жаткырылып ал эми И.О. ооруканадан уруксатсыз чыгып кеткен. 15-октябрь күнү 1972-жылы туулган И.О.нун жансыз денеси Кант шаарынын Чекиров көчөсүнөн табылган.
16-октябрда бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) жана 216-беренесинин (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларын жүрүшүндө жогорудагы окуяга шектүү 1990-жылы туулган Х.Р. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып кармалды", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан