Депутат Айдаралиев Орусиядагы мигранттардын көйгөйлүү маселесин атады

Бүгүн, 17-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын көйгөйлүү маселесин атады.

Ал жакында Москва шаарында Алымбек датканын 200 жылдыгын белгилеген иш-чарага катышканын, мааракеде ага Орусиядагы мекендештер Кыргызстандан үй ала албай жатышканына даттанышканын билдирди.

"Батирдин 1 чарчы метри миң доллардан 1500 долларга чейин жетти. 2 жыл мурун эле 600-700 доллардан болчу. Бул жарандарыбыз үчүн орчундуу маселе. Керек болсо Орусиянын өзүндө чарчы метри миң долларга жетпейт экен. Көп кабаттуу үйлөрдү курган компанияларга тийиштүү тапшырмаларды бериш керек. Мигранттар "үй алабыз" деп көп жылдар бою бөтөн жерде жүрүшөт", - деди Айдаралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан