Түштүк Кореянын чалгын кызматы Түндүк Корея Украинадагы согушка 12 миң аскер кызматкерин, анын ичинде атайын күчтөрдүн бөлүктөрүн жиберет деп эсептейт. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазды.
Түштүк кореялык басылма өз кезегинде өлкөнүн чалгын кызматына шилтеме жасап, КЭДР Украинадагы согушка катышуу үчүн 12 миң аскер кызматкерин жөнөтүүнү чечкени айтылат.
Буга байланыштуу Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль коопсуздук боюнча чукул жыйын өткөргөн.
"Бул эл аралык коомчулук үчүн олуттуу коопсуздук коркунучун жаратат, Сеул ага бардык мүмкүн болгон чаралар менен жооп берет", - деп айтылат Түштүк Кореянын президенттик аппараттынын билдирүүсүндө.
Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрү түндүк кореялык аскерлер буга чейин эле Орусияга барганын айтышкан.