Москвада Кыргызстандын маданият жана искусство күндөрү өттү

Москва шаарына расмий сапар менен барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого карата Мамлекеттик академиялык чоң театрында уюштурулган Кыргызстандын Орусиядагы маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземине катышты. Бул туурасында бүгүн, 21-октябрда президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ачылыш аземи Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун видео кайрылуулары менен башталды. Анда эки мамлекеттин лидерлери бул маанилүү окуя менен куттуктап, эки элдин ортосундагы маданий кызматташтык Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы достугунун маанилүү аспектиси болуп кала берерин жана тыгыз кызматташуусу мындан ары да бекемделерин билдиришти.

Андан соң майрамдык кечеде Кыргызстандын жана Орусиянын белгилүү чыгармачыл топтору, аткаруучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Белгиленгендей, концерттик программага кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган “Манас” эпосунун үзүндүлөрү, этнографиялык-фольклордук “Камбаркан” ансамбли, фольклордук-этнографиялык “Ордо-Сахна” ансамбли, “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамбли сыяктуу бир катар топтор өз программаларын тартуулап, ошондой эле элдик ырлар, күүлөр жана бийлер көрсөтүлдү. Салтанаттуу кече “Кыргызстан-Россия” аттуу жаңы ыр менен жыйынтыкталды.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кремлдин музейлерине барды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан