Грузиянын Тбилиси шаарында 10 миңдеген адам Евробиримдикти колдоп жөө жүрүшкө чыкты (видео)

Грузиянын Тбилиси шаарында 10 миңдеген адамдын катышуусунда "Грузия Евробиримдикти тандайт" аттуу жөө жүрүш болууда.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, марштын катышуучулары Грузиянын жана Евробиримдиктин желектерин көтөрүп чыгышкан.

Эркиндик аянтына чогулган элге өлкөнүн президенти Саломе Зурабишвили кайрылуу жасап, тынчтыктан баалуу нерсе жок экенин айткан.

"Азыр менин алдымда эркин Грузия турат. Эркиндиктен жана тынчтыктан баалуу эч нерсе жок", - деди Саломе Зурабишвили.

Аталган марш парламенттик шайлоого алты күн калганда өтүүдө. Аны бейөкмөт уюмдар уюштуруп, Грузиянын президенти жана негизги оппозициялык партиялар колдоого алышкан. Өлкөнүн президенти Саломе Зурабишвили парламенттик шайлоодо жарандар өлкөнүн европалык келечеги үчүн добуш беришет деген ишенимин билдирген.

Белгилей кетсек, августтун аягында Грузиянын президенти парламенттик шайлоону 26-октябрга расмий белгилеген. Бул шайлоо биринчи жолу партиялык тизме боюнча жана электрондук добуш берүү менен гана өткөрүлөт.

21.10.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан