Социалдык коргоо департаментине жаңы директор дайындалды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментине Алапаева Нуржан Мусаевна директор болуп дайындалганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Алапаева буга чейин департаменттин директорунун орун басары кызматын аркалап келген. Ал эми жетекчилик кызматты Актан Балбаков ээлеп келген.

Министрлик Балбаков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан