Санкт-Петербургдун Москва трассасында жүк ташуучу унаа оодарылып, күйүп кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жол четиндеги электр тосмосун сүзүп, өзү кабинадан ыргып кетип каза болгон. Андан кийин аталган унаа оодарылып, өрт чыккан. Ошондой эле жүк ташуучу унаанын жарымы өрттөнгөн абалда көпүрөдөн түшүп кеткен. Трассалар, жолдун дээрлик бардык бөлүгү тосулган.
Окуя болгон жерде "Тез жардам" кызматы жана укук коргоо органдары иштеп жатат. Кырсыктын чоо-жайын иликтөөнү прокуратура көзөмөлгө алган.