Орусиянын президенти Владимир Путин АКШдан келген качкын Жон Роблеске орус жарандыгын берүү боюнча жарлыкка кол койду.
Документ расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды.
Украинадагы жаңжал башталгандан кийин Роблес ыктыярчы болуп, Донбасстын тургундары үчүн дары-дармектерди ташып келген.
Мындан тышкары Путин дагы бир нече чет элдиктерге орус жарандыгын берди. Алардын арасында бразилиялык футболчу, учурда "Зенитте" ойногон Дуглас Сантос дагы бар.