Кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты

Кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.

Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны жарым финалда польшалык Арсланбек Салимов менен кез келип, атаандашын 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.

Финалда Раззак Бейшекеев грузиялык Гиорги Чхиквадзе аттуу балбан менен кез келет. Финалдар эртең, 22-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан