Ошто жаңы борбордук көрүстөнгө жер бөлүнүп берилди

Ошто жаңы борбордук көрүстөнгө жер бөлүндү. Бул тууралуу кечээ, 21-октябрда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы көрүстөн үчүн жалпы 13 гектар жер бөлүндү. Ага баруучу жолго толук асфальт басылып, жарыктандыруу үчүн мамычалар орнотулду. Көрүстөндүн айланасына тосмо, суу резервуары курулуп, атайын шаймандарды сактоого контейнер коюлду.

Ага ылайык, учурда коомдук транспорт үчүн аялдамдарды уюштуруу, ирригациялык тармактарды, тротуарларды куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Айта кетсек, долбоордү жүзөгө ашыруу үчүн жарандарды тейлөө бюросу тарабынан 10 миллион сомдук демөөрчүлүк жардам тартылган.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы 13 көрүстөн бар, анын ичинен жетөө иштеп жатат. Ош шаарындагы биринчи борбордук көрүстөн 50 жылдан ашык убакыт мурун негизделген жана 80 пайызга толуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан