Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйнында депутат Аида Исатбек кызы студенттердин окуу графигинин жылдырылышы эч кандай жыйынтык бербегенин айтты.
Ал мэрия жол тыгынды азайтат деген негизде жогорку окуу жайлардын окуусун саат 10:00гө жылдырганын эске салды.
"Ал эми экинчи нөөмөттөгүлөрдүн окуусу 14:30да башталат экен. Ошондо 4 пара болгондо 20:30да тарашат. Анан алар үйлөрүнө жеткиче түнкү 22:30-23:00 болуп кетет. Негизи студенттерди өгөй балдардай эле ары-бери түрткүлөп жатабыз. Эксперименттерди студенттер менен жасап жатабыз. Окуу графигин жылдырып көрдүк, бирок жыйынтык болгон жок. Эмне себептен Билим берүү жана илим министрлиги бул маселени көтөрбөйт? Азыр күз мезгили, күн кыскарып түн узарып жатат. Саат 18:30да эле караңгы кирип жатат. Күн дагы сууктады", - деди депутат айым.
Исатбек кызы бул боюнча калаа бийлиги менен министрликке кайрылганын белгилеп, өкмөттүн парламеттеги өкүлүнөн маселени чечип берүүнү өтүндү.