Садыр Жапаров Медина шаарындагы пайгамбардын мечитинин имамы менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Медина шаарындагы пайгамбардын мечитинин имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, анда диний билим берүү жана руханий байланыштарды чыңдоо жаатында кызматташуунун келечеги менен кошо маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.

Ал ар бир мусулман үчүн Мекке жана Медина шаарларынын ыйыктыгын баса белгилеп, Кыргызстандан жылына Мекке, Медина шаарларына ажылык зыяратына 6 миң киши барса, 50 миң киши умра сапарына барып жатканын айтты. Жапаров Аль-Будейрдин Мединадагы пайгамбарыбыздын мечитинде имам катары 27 жылдык кызматын белгилеп, диний агартууга кошкон салымын жогору бааларын айтып өттү.

"Президент имамдын сапары кыргыз аалымдарына, дин кызматкерлерине пайдалуу болоруна жана алар анын тажрыйбасынан баалуу билим ала аларына ишеним билдирди.

Салах бин Мухаммад Аль-Будейр өз кезегинде мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдулазиз Аль-Сауддун жана мураскор ханзаада, Сауд Арабиясынын министрлер кеңешинин төрагасы Мухаммад бин Салман Аль-Сауддун атынан саламдарын айтты.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы кызматташтык стратегиялык мүнөзгө ээ экенин жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, дин жана кайрымдуулук долбоорлору жаатында эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү ырааттуу тереңдетүүгө багытталганын белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан