Коңшу Өзбекстандын жараны унаасынын үстүнө үйүндөгү болгон оокатын жүктөп алып, Орусияга өтүүгө аракет кылып, чек арачыларды таң калтырды. Бул тууралуу Pressa.uz Тelegram каналы жазып, видео менен бөлүштү.
Жарыяланган видеодо өзбекстандык жаран унаасынын үстүнө сумкаларын, чемодандарын, алтургай кир жуучу машинасын дагы жүктөп алганы көрүнөт.
Мындан тышкары ал унаасынын ичине 5 адамды салып алган. Аны көргөн орус чек арачылары таң калган.