Аргентинанын президенти БУУда Кубаны колдогону үчүн тышкы иштер министрин кызматтан алды

Аргентинанын президенти Хавьер Милей тышкы иштер министри Диану Мондинону Буэнос-Айрес БУУнун Кубага эмбаргону алып салууга чакырган резолюциясын колдогондон кийин кызматтан алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Биздин өлкө Кубанын диктатурасына каршы жана адам укуктарын, жеке эркиндиктерди бузган бардык режимдерди айыптаган күчтүү тышкы саясий позициясын сактайт", - деп билдирген Аргентинанын президенттик администрациясынан.

Ага ылайык, президенттик администрациясынын басма сөз катчысы Мануэль Адорни билдиргендей, анын ордуна Аргентинанын АКШдагы элчиси Херардо Вертейн дайындалды.

Кечээ, 30-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясы АКШны Кубага каршы экономикалык, коммерциялык жана каржылык санкцияларды алып салууга чакырган резолюцияны 32-ирет кабыл алды. Документке 187 өлкө, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн төртөө – Улуу Британия, Кытай, Орусия жана Франция добуш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан