Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Янды кабыл алды   

Бүгүн, 4-ноябрда президент Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Инмин Янды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын кызматташтыгынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң колдоо көрсөткөндүгү үчүн банкка ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын, бул масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн баса белгиледи. Ал Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналган энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурду.

"Мамлекет башчысы АӨБгө "Камбар-Ата-1" ГЭСинин долбоорун ишке ашырганга катышууга чакырды, ал электр энергиясына болгон ички суроо-талапты гана канааттандырбастан, коңшу өлкөлөргө экспорттоо үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары өлкө башчы кабыл алынган “Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасын эске салып, Кыргызстандагы социалдык турак жай программасын колдогону үчүн АӨБгө ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров эми негизги көңүл экономикалык өнүгүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга, ошондой эле улуттук күн тартибинин ажырагыс бөлүгү болгон климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чечүүгө буруларын айтты.

Өз кезегинде АӨБ вице-президенти Инмин Ян банк Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкен ийгиликтерине жогору баа берерин баса белгиледи. Ал АӨБ өлкөнүн туруктуу алдыга жылган өнүгүүсүн байкап жатканын, муну отчёттордогу маалыматтар да, реалдуу өзгөрүүлөр да тастыктап турарын айтты.

Инмин Ян мындан ары да Кыргызстанга, өзгөчө гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, климат жаатындагы долбоорлор, ошондой эле инклюзивдик өнүгүүгө көмөктөшүүчү социалдык программалар сыяктуу артыкчылыктуу багыттарда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле тараптар өлкөнүн экономикалык негизин бекемдей турган жана кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзө турган кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү тууралуу макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан