Бишкектеги Акматбек Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сүйүмбаев көчөсү Атай Огонбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү 8-ноябрга чейин убактылуу жабылды.
Учурда аталган көчөдө оңдоп-түзөө боюнча иштер жүрүп жатат.