Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү бейтапка жардам көрсөтүштү. Бул боюнча Чүй ЖКККБ билдирди.
Ага ылайык, 5-ноябрда саат 15:00 чамаларында Бишкек-Ош унаа жолунун 80-129-чакырымында Чүй ЖКККБнын кызматкерлеринен Хонда Степ вагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жардам сурап кайрылган. Ал жүргүнчү аялдын ден соолугу начарлап кеткенин билдирген.
Кызматкерлер жүргүнчүнү Жайыл районунун аймактык ооруканасына кызматтык унаа менен алып жөнөйт. "Тез жардам" кызматы жеткенде андан ары кошто менен ооруканага жеткиришкен.