Өзбекстандын Анжиян облусунда 9 жашар кызды Damas үлгүсүндөгү унаа басып калып, каза тапканын өзбек маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматтарга караганда, окуя 11-ноябрда саат 13:10 чамасында болгон. Анда унаа жолдон чыгып, оодарылып кетип жөө адамдар өтүүчү жерде турган кызды басып калган. Тилекке каршы, кыз ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болгон.
Бул факты боюнча "Адам өлүмүнө алып келген жол кыймылынын же транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштерип жүрүп жатат.