Трамп шайлоодо жеңип чыккандан бери биринчи чет элдик лидерди кабыл алды

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трамп Аргентинанын президенти Хавьер Милей менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Түштүк Америка лидеринин басма сөз катчысы Мануэль Адорнинин билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жолугушуу кечээ, 14-ноябрда Трамптын Флоридадагы Мар-а-Лаго жеке резиденциясында болгон.

Адорни X социалдык баракчасына Аргентинанын тышкы иштер министри Херардо Вертейн, Илон Маск, Милей, Трамп жана Милейдин карындашы Карина болуп түшкөн сүрөттү жарыялаган. Анда Масктын кичинекей кызды көтөрүп турганын дагы көрүүгө болот.

Ошентип Аргентинанын президенти АКШнын жаңы шайланган башкаруучусу менен жолуккан биринчи чет элдик лидер болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан