101 жашында каза болгон Япониянын ханбийкеси Юрико Микаса тууралуу эмнелер белгилүү?

SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасында бүгүн, 15-ноябрда 101 жашында каза болгон Япониянын ханбийкеси Юрико Микаса тууралуу кызыктуу фактылар тизмектелди.

Ал ханзаада Микаса Такахитонун жубайы, император Шованын иниси жана император Акихитонун таежеси болгон. Ал Мэйдзи доорунан бери (1868-1912) императордук үйдүн эң улгайган мүчөсү болуп калды жана 2016-жылы 100 жашында каза болгон ханзаада Микасадан узак жашаган.

Принцесса Юрико жөнүндө эмнелер белгилүү?

Юрико 1923-жылы аристократтардын үй-бүлөсүндө төрөлүп, 18 жашында 1941-жылы Хирохитонун иниси Принц Микасага турмушка чыккан. 1945-жылдагы согуштун акыркы айларында ал күйөөсү жана кичинекей кызы менен америкалыктардын Токиого аба чабуулдарынан кийин баш калкалоочу жайда жашаган.

Беш баланы тарбиялап, Юрико Микасанын Байыркы Чыгыштын тарыхын изилдөөсүнө колдоо көрсөтүп, ошондой эле кызматтык милдеттерин жана кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн. Ал күйөөсү жана үч уулунан узак жашаган.

Анын өлүмү Япониянын кичинекей императордук үй-бүлөсүн 16 кишиге чейин кыскартты, алардын төртөө гана эркектер. Императордук үй-бүлөдө такты улантуу боюнча талаш-тартыштар жаралып келет. Бирок консерваторлор мураскорлуктун эркектерин гана сактоону талап кылышат.

1947-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, императордук такты эркектер гана мурастай алат. Ал эми карапайым адамдарга турмушка чыккан аялдар падышалык статусун жоготот. Эң жаш мураскор Принц Хисахито тактынын акыркы сабында жайгашкан.

Узак убакыт бою Боси айику кай фондунун – “Эне жана бала коомунун” президенти жана жапон кийимдерин жайылтуу менен алектенген Элдик кийимдердин маданиятын жайылтуу ассоциациясынын ардактуу президенти болгон.

Юриконун узак жашагандыгынын сыры ал күн сайын эрте мененки көнүгүүлөрдү жасап, жаңылыктарга жана спортко кызыгып, карыса да сергек жашоону өткөрүүгө аракет кылган. Март айында ал инсульт жана пневмония илдеттерине кабылып, андан кийин абалы начарлап кеткен. Ал жакында эле ооруканада тынымсыз көзөмөлдө болуп турган. Ал эми өткөн аптада анын ден соолугу начарлап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан