Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештеринин депуттарын шайлоого добуш берүүгө катышты. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, төрага Бишкек шаарындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектепте жайгашкан № 1142 шайлоо участкасына барып өзүнүн добушун берди.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 2437 добуш берүү участкасы бар. Кыргызстандыктар 33 шаардык кеңеште 993 депутаттарды жана 231 айылдык кеңеште 5391 эл өкүлдөрүн шайлашат. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 39 саясий партия катышып, 4822 талапкерди көрсөткөн. Ал эми айылдык кеңештерге 9 996 талапкер катталган.
Шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 135 миң 39ду түзөт.