Орусиянын Тергөө комитетинин кызматкерлери Москванын борборундагы Wildberries компаниясынын башкы кеңсесинде болгон атышуу боюнча 30дан ашуун күбөнү суракка алышты. Бул тууралуу ТАСС басылмасы кабарлады.
“Willdberries кеңсесине куралдуу кол салуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу 6 адам жабырлануучу катары таанылып, 30дан ашык адам күбө катары суракка алынган. Мындан тышкары 50гө жакын жерде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. 30дан ашык соттук-медициналык экспертизалар, анын ичинде комплекстүү экспертизалар жүргүзүлдү”, - деп айтылат тергөөнүн маалыматында
Белгиленгендей, учурда кылмыш иши боюнча сотко чейинки тергөө иштери Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары тарабынан 2025-жылдын 18-мартына чейин узартылды.
Эске салсак, Москванын борборундагы Wildberries кеңсесине кол салуу 18-сентябрда эртең менен болгон. Анын кесепетинен жети адам жабыркап, экөө каза болгон. Буга байланыштуу жалпысынан 33 адамга айып тагылганы, алардын арасында Wildberries компаниясынын негиздөөчүсүнүн жолдошу Владислав Бакальчук дагы бар болгону айтылган.