Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысы өлкөнүн укуктук саясатын өркүндөтүүдө жана өнүктүрүүдө прокуратуранын ролун белгиледи.
“1990-жылдын 15-декабрында Кыргызстандын суверендүүлүгү боюнча декларациясы кабыл алынгандан кийин прокурорлор өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда бир дагы мамлекеттик органга көз каранды болбой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине жооптуу болуп, отчёт бере баштаган.
Бүгүнкү күндө прокуратура органдары бирдиктүү, борборлоштурулган система катары жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууда.
Ушул тапта прокуратура органдары натыйжалуу иш алпарууда десек болот. Мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпы көзөмөл багытында 20 миңдей укук бузууларды аныктап, аларды калыбына келтирүү боюнча прокурордук чара көрүү актыларын киргизип, жарандарыбыздын укуктарын коргоп, мамлекетке келтирилген миллиарддаган зыяндардын ордун толтурууга чоң салым кошууда. Сиздер алдыңыздарга коюлган милдеттерди мындан да ыкчам жана сапаттуу аткарасыздар деп ишенем”, - деп билдирген президент.
Ошондой эле өлкө башчысы Кыргызстандын прокуратура органында өз катарында коррупцияга жол бербеген, тазаланууну камсыз кылган, кесипкөй кадрларды кынтыксыз тандай алган, таза, ак ниет кызматкерлерди өстүрө билген мыкты система түзүлүшү керектигин билдирди.
Белгиленгендей, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн иш-чара прокуратура органдарынын тарыхы жана калыптанышы тууралуу кыска даректүү тасманы көрсөтүү менен башталып, концерттик программа менен уланды.
Айта кетсек, 1924-жылы 22-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин президиумунун токтому менен облустук сот жана облустук прокуратура түзүлгөн.