Чүй облусунун Токмок шаарында катталган катуу шамалдан улам мектептин чатыры зыянга учурады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бүгүн, 24-ноябрда болжол менен саат 11:51 чамасында Токмок шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал катталып, Чүй көчөсүндө жайгашкан мектептин чатырын учуруп кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылган. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Кыргыз гидрометтин маалыматына ылайык, 24-ноябрь күнү саат 13:10го карата Токмок шаарында чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 24 метрге чейин жеткен шамал катталган.