Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 71 жылдык мааракесине арналган. Анда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 140тан ашык спортчу күч сынашат.
Мелдештин ачылыш аземине Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, Дене тарбия жана спорт департаментинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Артур Геворгян жана Каныбек Осмоналиев катышты.