"Куу болуп алышты". Депутат Алиев министрлерди сынга алды

Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен объекттерди, жер тилкелерди мамлекетке кайтаруу иштери боюнча маалымат берүүгө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору Алмазбек Примовдун өзү келбегени депутаттардын нааразычылыгын жаратты.

Жыйында депутат Медер Алиев комитетте маанилүү маселелер каралып жатканда министрлер өздөрү келбей ордуна орун басарларын жиберип жатышканын сынга алды.

"Министрлер абдан куу, куйту болуп алышты. Ушундай резонанстуу, коомчулукта ар түркүн ой-пикирлерди жараткан маселелерде тепкиге акырын орун басарларын жиберип коёт. Министр болгондон кийин жоопкерчиликти алыш керек. Болгондо дагы эркек министрлерге тиешелүү нерсе. Мындай жагдай башка министрликтерде дагы көп кайталанып жатат", - деди эл өкүлү.

Алиев ар бир маселе үчүн министрлер жумушунан калып келсин деген талап жок экенин, бирок маанилүү маселелер каралып жатканда алардын келүүсү шарт экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан