Орусиянын президенти Владимир Путин коңшу Казакстандын жетекчилигине орус тилине кылдат мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындай маалымат Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.
"Албетте, биз Казакстан Республикасынын жетекчилигине, жеке Касым-Жомарт Кемелевичке орус тилине кылдат мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат Путиндин билдирүүсүндө.
Орус президентинин айтымында, жакын арада Казакстанда орус тилдүү жаңы мектептер ачылат. Путин белгилегендей, Орусия өз кезегинде мындай мектептерди курууну жана орус тилинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууну колдойт.