Жыл башынан бери өлкө аймагында 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан 640 жаран каза болсо, 9 миңге жакын адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
ЖККББ адам өлүмү жана жаракат алуу учурлары өткөн жылга салыштырмалуу бир топ пайызга азайганын кошумчалады.