Москвадагы конференцияда Кожокулова Ата Мекендик согушта Кыргызстан баа жеткис салым кошконун айтты

Жогорку Кеңештин депутаттары Москвада өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, депутаттар Гуля Кожокулова, Чыңгыз Ажибаев, Бахридин Шабазов, Султанбай Айжигитов, Азамат Исираилов, Бакытбек Марипов, Эрулан Кокулов, Арсланбек Эгембердиев Орусиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин чакыруусу менен 25-27-ноябрь күндөрү “КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык кызматташтыгында саясий партиялардын фракцияларынын жана блокторунун өз ара аракеттенүүсүнүн ролу” аттуу эл аралык конференцияга катышууда. Конференция Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдык маарекесине арналган.

Иш-чарада делегациянын башчысы Гуля Кожокулова өз сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиште Кыргызстан баа жеткис салымын кошконун баса белгиледи.

"400 миңден ашуун биздин мекендештерибиз фронтто согушкан, анын ичинен 100 миңдей жоокерибиз баатырдык жана эрдик көрсөтүп согуштан кайткан эмес. 150 миңдей аскер ордендер жана медалдар менен сыйланышкан. Дүйшөнкул Шопоков, Исмаилбек Таранчиев, Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу кыргызстандыктар Советтер Союзунун баатырлары болушту. Андан тышкары генерал-майор Иван Панфиловдун дивизиясындагы 28 “панфиловчу”- гвардиячылар аскердик эрдиктин үлгүсү болуп калды. Алардын аттары биздин өлкөнүн тарыхына түбөлүккө жазылып калды", – деген депутат тылда иштеген эмгекчилердин башына түшкөн оор сыноолорун да белгилеп өттү.

Кожокулова 2023-жылдын 8-майында Ржев шаарында Аскердик даңкта Кыргызстандын президенти Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган Ржев мемориалын ачканын эске салды.

"Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш – бул жөнөкөй тарыхый окуя эмес, бул биз келечек муунга ыйык сактап өткөрүп бере турган руханий мурас. Советтик элдин жеңишинин дүйнөлүк-тарыхый маанисин эске алып, биздин парламентчилер жеңиштин 80 жылдык маарекесин жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдануу маселесин көтөрүп жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан