Бишкекте мыйзамсыз иштеп жана жашап жүргөн чет мамлекеттердин 31 жараны аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, "Нелегал" аталышындагы рейддин алкагында 72 чет өлкөлүк жаран текшерилип, 31и мыйзамсыз иштеп жүргөнү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 431-беренеси (Чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу) жана 93-беренеси (Эмгек келишимин түзбөстөн ишке тартуу) менен 21 административдик протокол түзүлүп, 135 миң 500 сом айып пул салынган.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу мотоцикл айдаган 15 чет элдик жаран токтотулуп, 4 мотоцикл айып короосуна киргизилген.
Шаардык милиция бардык чет элдик жарандарга тышкы миграция чөйрөсүндөгү укук бузууларга бөгөт коюу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругу тапшырылганын, аталган буйрук аткарылбаса өлкөдөн чыгарылары эскертилгенин кошумчалады.