Мурунку "Ак-Кула" ипподрому инвесторлорго 49 жылга акысыз берилди? Себеби

Бишкек шаарындагы "Ак-Кула" ипподромунун мурунку жери 49 жылга акысыз берилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 27-ноябрда Борбор калаанын мэриясында "РЦА Ливинг" жоопкерчилиги чектелген коому менен "Ак-Кула" ипподромунун аймагын акысыз өткөрүп берүү боюнча келишимге жана макулдашууга кол коюлду.
"Ага ылайык, компания тарабынан жер тилкесин 49 жылга пайдалануу үчүн шаардык бюджетке 5,8 миллиард сом өлчөмүндө төлөм каралган. Ошондой эле үч мектепти, үч балдар бакчасын, парктарды, муниципалдык жолдорду жана тротуарларды, жогоруда аталган объекттерге инженердик тармактарды курууга 3,5 миллиард сом берилет. Курулуштар бүткөн соң Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүлөт.
Мындан тышкары инвестор Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгууга каражат бөлүүдө. Натыйжада шаардык муниципалитетке 10 миллиард сомго чейин киреше түшөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, эски ипподромдун ордунда заманбап турак жайларды, бизнес борборлорду, коомдук имараттарды, социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда.
Инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 87 миллиард сомду түзө тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 8-июлунда Бишкек шаарынын мэриясына "ROX Group" жана "TNG Global Foundation" компанияларынан "Ак-Кула" ипподромунун мүлк комплексин сатып алуу сунушу келип түшкөн. Кийин эки компания биригип "РЦА Ливинг" жоопкерчилиги чектелген коомун түзгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан