Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов үч буттуу камералардын мыйзамдуулугун текшерүү керектигин айтты.
Ал мындай камералар эч кандай жол белгилери жок жерлерге коюлуп жатканын мисал кылды.
"Эч кандай белги жок, талдын түбүнө же аялдаманын жанына туруп жатышат. Ушу боюнча мыйзамдуулугун текшерип, чара көрсөк. Тапшырма берилсе, укук коргоо органдары дагы мунун караса жакшы болмок", - деди Марипов.