Ысык-Ата районунун Новопокровка айыл өкмөтүнүн (азыркы Узун-Кыр айыл өкмөтү) аймагында жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин менчигине өттү. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан стадиондун жер тилкеси жеке колго берилип жаткандыгы боюнча маалымат алынган. Бирок тиешелүү иш кагаздары аныкталган эмес.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жердин жалпы аянты 4041 чарчы метр болгондугу маалымдалып, наркы 1 миллион 400 миң сомду түзгөн.
Азыркы учурда баланстык жер тилкесине тиешелүү кагаздары каралып, аталган жер тилкеси Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып берилди.