Бишкек шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-сентябрда милицияга А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан оюн-зоок жайларынын биринен 90 миң сомдук iPhone 15 Pro үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Урдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 19 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.