Өзбекстандык аял 8 жылдан бери эл аралык издөөдө жүрүп, Түркиядан кармалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымат боюнча, 1980-жылы туулган Өзбекстандын Т.К. аттуу жараны адам сатууга шектелип, издөөгө алынган. Ал кармалган соң өз мекенине экстрадицияланды.
Өзбекстандын Стамбулдагы элчилиги андан жабыркагандарды дипломатиялык мекемеге же өзбек укук коргоо органдарына кайрылууга чакыргандыгы маалыматта кошумчаланган.