Аксакал мугалимге таттуу берген окуучулардын социалдык баракчаларда байма-бай чыгып, популярдуу болуп жаткан видеосун көргөн чыгарсыз. Дал ошол аксакал билим берүү тармагында иштеп жатканына жарым кылым болду. Жашы 73кө барып калса да балдарга билим берүүдөн чарчабаган Дүйшөналы агай менен SUPER.KG порталы маектештик.
Дүйшөналы Койчуманов 1951-жылы ал учурда Таш-Көмүр шаарына, азыркы тапта Ноокен районуна караштуу Теңдик айылында туулган. Мектепти бүткөн соң Жалал-Абад педагогикалык институтуна тапшырган. 2 жыл 6 ай билим алгандан кийин кайра өзү туулуп-өскөн айылы кучак жая тосуп алган. Учурда агай пенсияга чыгып калса да Ноокен районуна караштуу №57 Арстаналы Осмонбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинде мугалим болуп иштейт.
"Эмгек жолум туулган жерим менен тыгыз байланыштуу"
– Жалал-Абадда мугалимдик кесипти алган соң туулган жерим коё берген жок. Билимге суусап турган жаштарды окутуп, Кыргызстандын мыкты уулдарын тарбиялоону көздөп айылымды карай жол алдым. Мына ошол жылдардан бери далай өйдө-ылдыйды багындырып, 49 жыл түмөн түйшүктүү жолду артка калтырдым. Балдардын ар бири менен иштешип, алардын экинчи ата-энеси болууга тырыштым. Тарбиямды, болгон аракетимди аябадым. Мугалимдик кесипке чыдаш оңой эмес. Ар бир баланын өзүнө жараша мүнөзү болот. Алардын тилин табып, шыктандыруу да бир топ эмгекти талап кылат. Жараткан ден соолук берсе, мындан ары да балдарга билим берүүдөн качпайм. Бала чагымдан эңсеген кесибимдин арты менен үзүр таап келе жатам. Мени менен бүткөн бардык группалаштарым да мугалимдик кесипти аркалап келе жатышат.
Заман агымы менен билим берүү
– Ааламдашуу заманында адам баласы, айлана-чөйрө өзгөрүп кете берет экен. Билим берүү да өз ыгы менен жаңылануу жолуна бет алды. Карап туруунун кереги жок деп, мен да өз камымды ойлоп, дагы окууга тапшыруунун туура көрдүм. Айылдагы мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, Ош мамлекеттик педагогикалык институтун да бүтүрдүм. Ал жактан адам жана коом сабагынан берүүчү мугалимдик кесиптин дипломун алдым. Далай ирет квалификацияны жогорулатуу семинарларына барып катыштым. Бул менин замандын агымына жуурулуша кесипти аркалоого болгон аракетим болду. Анткени өз кезинде балдардын муктаждыгы башкача болчу. Бара-бара муун өзгөрүп, алардын талаптары да, көз карашы да өзгөрө баштады.
Кайра кайрылып келдим...
- Жарым кылым жаштарга билим берүүгө салым коштум, эми эс алайын деп жумушту тапшырып кеткем. Анан неберелерим үйдө чыгып-кирип суранышып, мектептин администрациясынан кайра сунуш түшүп, кесибиме кайра кайттым. Мен да ардактуу эс алууда жатсам деген ниетим бар эле. Бирок мектептердеги адистердин жетишсиздиги, мындан да башка мага тааныш маселелердин көптүгү менин тынчымды алды. Анан да башкы себеп өзүмдүн айылымдын балдары, неберелерим мугалимсиз отурганы мага оор тийди. Эми келип кайрадан окуучуларыма сабак бере баштадым.
Анан калса чыгармачылык адамдар сыяктуу эле, мугалимдик кесип да жараткандан берген талант. Аны өздөштүрө албай кеткендер канча. Учурда билим берүү тармагында реформалар жүрүп, айлык маяналар көтөрүлүп жатат. Бул да болсо мугалимдерге стимул берет. Балким, эми мугалимдик кесипти аркалай турган кесипкөй адистерге болгон муктаждык чечилет деген илгери үмүт бар.
Сыйлык жана сыймык
– Жарым кылым иштеп жакшы эле сый көрдүм. “Эл агартуунун отличниги”, “Ардагер мугалим” төш белгилерин алдым, райондук администрациянын жана мектептин грамоталарына ээ болдум. Бул да болсо мээнетимдин акыбети деп эсептейм. Бирок мугалим үчүн ал окуткан балдардын жетишкендиктери маанилүү сыйлык. Жөн эле билим берип, уядан учуруп коюу милдет эмес. Анын коомдон ордун таап, мамлекет үчүн, эл үчүн кызмат кылганы чынгы сыймык жана сыйлык деп эсептейм.
Социалдык баракчалардагы тренд видео...
– Мектепке кайра келип билим бере баштаганыма аз эле убакыт болду. Сабак учурунда окуучуларым келип таттууларды бере баштады. Алгач мен үчүн такыр түшүнүксүз абал болду. Мындай күтүүсүз жагдайды тасмага тартып жатышканын да билген жокмун. Кийин алар түшүндүрүп беришти. Мен кубандым. Акыркы учурларда окуучулардын мугалимдер менен тең тайлаша урушуп-талашып, ызы-чуу чыгарып жаткандыгы зээнди кейитет. Андан көрө алардын заманбап ыкмага салып сый-урмат көрсөтүп жаткандары жакшы көрүнүш да, андыктан мен аларды алкадым. Эже-агайлар аларды окутат, окуучулар алган билимине ыраазы боло таттуу берет. Жаштар арасында ушуга окшогон жакшы багыттар үгүттөлүп, модага айланса, коомчулукка да жакшы таасир калтырат.
"Кесибимди үй-бүлөм колдоп турду"
– Мугалимдик кесип оор деп башында айткандай, ага чыдап, ушунча жыл эмгектенишиме жубайымдын да жардамы чоң. Кесипти да, үй-бүлөнү да алып кетиш үчүн жубайлар бири бирине колдоо көрсөтүп турушу кажет. Байбичемдин аты Токтобүбү Анарова. Ал да мени менен бирге аталган мектепте мугалимдик кесипти аркалады. Учурда Токтобүбү апаңар ардактуу эс алууда. Экөөбүздүн баш кошуп, түтүн буулатканыбызга быйыл 50 жыл толду. Бул арада 7 баланы тарбиялап, эрезеге жеткирдик. Учурда 23 небере, 8 чебере көрүп, балдардын сый-урматына бөлөнүп отурабыз.
– Агай, маегиңиз үчүн ыраазычылык! Ден соолукта болуп, окуучуларды билимге сугарып жүрө бериңиз!