Жогорку Кеңешке Министрлер кабинети тарабынан сунушталган "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзам долбоору түштү.
Каттоого 25-ноябрда алынган документте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, куралдуу күчтөрдүн кошуундарында, бөлүктөрүндө динди жайылтууга тыюу салынары жазылган. Мындан тышкары жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга, расмий документтерде жарандардын тутунган динин көрсөтүүгө, диний багыттагы объекттерди кошпогондо динди жайылтуу максатында үйлөрдү кыдырууга, жашы жете электерди динге тартууга болбойт.
Ошондой эле мыйзамда диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна, сыйынуучу жайларда чогулуштарды, митингдерди, шайлоо алдындагы үгүттү жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүүгө болбой турганы белгиленген. Ал эми документтин "Билим берүү жана дин" беренесинде диний окуу жайлар өлкөнүн билим берүү системасына кирбестиги, жарандар диний жогорку окуу жайларга 11-классты аяктагандан кийин гана окуй алары жазылган. Бирок сунушталган мыйзамда Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу бар экени, ага ылайык, окуу жайлардагы билим берүү программаларына жалпы билим берүү мүнөзүндөгү дин таануу сабактары киргизилиши мүмкүн экени көрсөтүлгөн.