"Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов IndiGo Airlines (Индия) авиакомпаниясынын вице-президенти менен жолугушуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Демилгенин максаты – аба байланышын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү жана ишкердик кызматташууну кеңейтүү. Жаңы каттамдар транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, экономикалык мамилелерди бекемдейт деп күтүлүүдө.
Жолугушууда тараптар 2025-жылдын 15-февралынан тартып Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча жаңы каттам ачууну макулдашты.