Москва Пхеньянды Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышууга чакырды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
"Орусия КЭДРдин куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгүн 9-майда Кызыл аянтта өтүүчү аскердик парадга катышуу үчүн Москвага жөнөтүү боюнча позитивдүү чечимди күтөт", — деп айтылат Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын сүйлөшүүсүндө.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгы Орусиянын борборунда белгиленүүсү күтүлүүдө.