Шерлок Холмстун Лондондогу үйү Казакстандын мурдагы президентине таандык экени айтылууда

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы жана анын уулу Лондондогу Бейкер-стритте британиялык детектив Шерлок Холмс Артур Конан Дойлдун ошол эле аталыштагы аңгемелеринде жашаган имараттын кожоюндары болуп чыкты. Бул тууралуу Times басылмасы жазып чыкты.

2015-жылы Бейкер көчөсүндөгү үй Дарига Назарбаевага жана анын уулу Нурали Алиевге таандык болгон. Алар Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы жана небереси.

Гезит ошондой эле Назарбаевдин үй-бүлөсү Шерлок Холмстун үйүнөн (221Б) тышкары Бейкер-стриттеги 215 жана 237-үйлөрдүн ортосундагы дагы бир нече имараттарга жана жерлерге ээлик кыларын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан