Мамлекеттик салык кызматынын бир катар жогорку кызматтагы кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, атайын кызмат мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин тобу тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик товарлар тобунун (алкоголдук ичимдиктерди жана кант камтыган продукцияларды, тамеки буюмдарын) айрым ири өндүрүүчүлөрү жана импорттоочулары аталган продукцияны негизинен республиканын түштүк региондоруна жеткирип беришкени, ал эми иш жүзүндө бухалтердик маалымат базаларында товарларды ташууга тийиштүү документтердин жокко чыгарылышы катталганы аныкталган.
Натыйжада Бишкек шаарындагы жалпы наркы 3,2 миллиард сомдон ашык товарлардын акциздик тобуна товардык транспорттук накладнойлорду кайра алуу жана четке кагуу боюнча көптөгөн фактыларды атайлап көңүл сыртында калтырышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгында тинтүү жүргүзүлдү. Мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоого багытталган тиешелүү текшерүүлөр дайындалды.
Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында салык кызматынын башкармалыктарынын жетекчилери А.Р., Ж.У., А.Н. жана Т.А. кармалды. Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылып, сот тарабынан бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө маселе каралат.
УКМК иликтөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат бериле тургандыгын маалыматта кошумчаланган.