Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировдун талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Равшанбек Сабировдун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкерлигин жактырды.

Жыйында Сабировдун талапкерлигин кароо маселеси добушка коюлуп, 77 депутат колдоду, каршы добуш бергендер болгон жок.

Белгилей кетсек, 4-декабрда Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган болчу.

Буга чейин бул кызматта иштеген Жылдыз Полотова 4-декабрда иштен алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан