Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 6-7-декабрда КМШнын саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу боюнча кеңешинин XXXVII отуруму болду. Ага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жетектеген делегация катышты. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, делегация мүчөлөрү Орусиядагы федералдык медициналык борборлоруна жана институттарына барып, ал жердеги шарттар менен таанышышты.
Ошондой эле Р.Р. Вреден атындагы травматология жана ортопедия Улуттук медициналык изилдөө борборундагы бейтаптарды дарылоо жана калыбына келтирүү ыкмаларын көрүштү. Мекемеде кыймыл жана таяныч тутумдун функцияларын калыбына келтирүү үчүн инновациялык технологияларды колдонула тургандыгы кошумчаланган.