Москванын "Сахарово" убактылуу кармоочу жайында 93 кыргызстандык бар экендиги айтылды

Орусиянын Москва шаарында жайгашкан "Сахарово" чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайында 93 кыргызстандык бар, алардын алтоо аялдар. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалымат боюнча, Жогорку Кеңештин депуттатарынан, тийиштүү министрликтин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун Орусияга болгон иш сапарынын алкагында аталган жайга барып, мекеменин жетекчилиги менен жолугушкан.

Анда убактылуу кармоочу жайдагы кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, алардын өз мекенине өз убагында чыгып кетүү жана мындан аркы өз ара, ыкчам аракеттенүү жана кызматташуу маселелери талкуулангандыгы маалыматта кошумчаланган.

Мындан тышкары, жарандар менен жолугушкан. Анда кармоо шарттары жана укуктарынын бузулушу боюнча даттануулар түшкөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан