Токмокто от албай калган автоунааны түртүп жаткан топ кишини башка унаа сүзүп алды. Мындай видео социалдык тармактарда таралууда.
Видеодон жол жээгинде топ киши унааны түртүп жатканын көрүүгө болот. Ал эми жүрүп келе жаткан унаа топ адамды сүзүп алган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан оор жаракат алгандар болгон эмес.