Бул жолу SUPER.KG порталынын Ютуб каналынын маек төрүндө машыктыруучу Келдибек Атайбеков жана анын окуучусу Байэл болду.
Баарыбызга белгилүү болгондой, мындан бир нече ай мурда Байэл ашыкча салмактан жабыр тартып Келдибек Атайбековго келген. Ал эми машыктыруучусунун айтымында, 84 килограмм салмак менен келген Байэл 10 айда 30 килограмм арыктай алган. Анын ар бир аракетин коомго ачык көрсөтүп, ашыкча салмактан жабыр тарткан жаш балдарга шык бере да алышты.
"Учурда жаш балдарга көп көңүл буруу керек. Шаар ичиндеги паркты аралап балдарды карасаң ден соолугун жоготкон жаш балдар өтө көп. Байэл жаңы келгенде бизге ишенбегендер көп болду. Кичинеден жылыш пайда болгондон кийин элдин баары ишенич арта баштады. Азыр бизге көп ата-энелер кайрылат, "менин балам кандай экен?" деп. Учурда жаш балдардын көпчүлүгүндө кыймыл аз, ошол нерсе ашыкча салмакка алып келип жатат", - дейт Келдибек Атайбеков.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүз.