Бишкекте изделип жаткан 16 жаштагы Малика Баатырбекова табылганын бүгүн, 10-декабрда Биринчи май РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп жатат.
Эске салсак, милиция Малика 8-декабрда Көлмө жаңы конушундагы үйүнөн "ГУМ соода борборуна барып келем" деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын маалымдап, көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнгөн.