Камчыбек Ташиев быйылкы аткарган ишине канааттанбаганын айтты

Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кийинки жылы быйылкыдан дагы көп иш аткарыларына убада кылды.

"Мен, мисалы, быйылкы жылы иштеген ишиме, өзүмө-өзүм канааттанган жокмун. Мен аз иштедим деп эсептейм. Мен туура иштеп, акырына чейин элдин көңүлүн толтура албадым деп эсептейм. Ошонуктан эмдиги жылы мындан дагы көбүрөөк иштейбиз. Биз көп иштесек кээ бир жемкорлор тынчы кетип, ыйлап, сыркоолоп, ооруп калып жатышат", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан